Пенсиянын базалык бөлүгүнүн жаңы өлчөмү белгиленди

14.09.2022, 11:40 Акчабар
Пенсиянын базалык бөлүгүнүн жаңы өлчөмү белгиленди

Пенсионерлердин жашоо деңгээлин мындан ары колдоону камсыз кылуу максатында Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы №504 токтому менен 2022-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын базалык бөлүгү 3 миң 170сом өлчөмүндө белгиленди. Бул тууралуу Toktom.kg маалыматтык-укуктук порталында жазылды.

Ага ылайык, Социалдык фондго пенсиянын базалык бөлүгүн өз убагында кайра эсептөөнү жана аларды жаңы өлчөмдө төлөп берүүнү камсыз кылуу тапшырылды.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Тэги: экономика пенсии новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу