Кыргызстанда 2022-2026-жылдарга аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасы бекитилди. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Бул иш-чаралар аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү, финансылык ресурстардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, бизнес жүргүзүүнүн негиздерин билүүнү каалаган аялдарды окутуу үчүн шарттарды түзүү максатында кабыл алынган.
Министрлер кабинетинин токтому 15-декабрдан тарта күчүнө кирет.