Кыргызстанда жашыруун казинолор боюнча мыйзам катаалдады

26.12.2022, 10:44 Акчабар
Кыргызстанда жашыруун казинолор боюнча мыйзам катаалдады

Кумар оюндарын уюштурууда жана өткөрүүдө мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу боюнча чаралар кабыл алынды. Бул тууралуу Toktom.kg маалыматтык-укуктук порталында маалымдалды.

Белгиленгендей, жашыруун кумар оюндарын уюштурууда жана өткөрүүдө, анын ичинде оюн автоматтарын пайдаланууда мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу жана аларга мектеп окуучуларын, өспүрүмдөрдү жана жашы жете электерди тартууга шарт түзгөн абалды жоюу максатында уюштуруучулардын жана катышуучулардын жоопкерчилигин күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен мыйзамсыз кумар оюндарын уюштурууга жана өткөрүүгө, анын ичинде оюн автоматтарын пайдаланууга, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте лицензиясы жок лотереялардын, букмекердик конторалардын ишине тыюу салуу киргизилген.

Муну менен 2023-жылдын 1-январынан баштап кумар оюндарын мыйзамда белгиленген тартипте ачылган казинолордун жайларында гана жүргүзүүгө болот. Оюн автоматтарын соода борборлорунда, компьютердик клубдарда жана башка жайларда, ошондой эле сыртта орнотууга тыюу салынат.

Кумар оюндарын мыйзамсыз уюштуруунун жана өткөрүүнүн фактылары аныкталганда кумар оюндарынын аксессуарлары, анын ичинде оюн автоматтары, оюнда коюм жана байге болуп саналган баалуулуктар, ошондой эле мындай оюндарга катышуунун натыйжасында алынган башка кирешелер камакка алынууга жана мамлекеттик кирешеге айландырууга тийиш.

Тэги: экономика новости Кыргызстана казино

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу