Унааны караңгылатуудан бюджетке 381 млн сом түштү

09.01.2024, 12:34 Акчабар
Унааны караңгылатуудан бюджетке 381 млн сом түштү

2023-жылдын январь айынан ноябрга чейин унаалардын алдыңкы айнектерин караңгылатууга уруксат берүү үчүн бюджетке 381 млн 20 миң сом түшкөн.

Ошол эле учурда, ноябрь айында унаа ээлери караңгылатуу үчүн 90,8 млн сом төлөшкөн.
Эске салсак, Кыргызстанда унааны караңгылатууга 2022-жылдын апрель айында уруксат берилген, уруксатты каттоо жол-жобосу 2022-жылдын 1-июнунда башталган. 

Ошентип, “Унаа” мекемесинин айтымында, 2022-жылдын июнунан августуна чейин унааны караңгылатуудан бюджетке 69,7 млн сом түшкөн. Бул 2023-жылдын ноябрь айына салыштырмалуу 21 млн сомго аз.

Белгилеп кетсек, уруксат кагазынын баасы жеке жактар ​​үчүн 80 миң сом, юридикалык жактар ​​үчүн 100 миң сом жана резидент эместер үчүн 120 миң сом. Каражат жыл сайын төлөнөт.

 

Тэги: новости Кыргызстана тонировка авто бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу