Социалдык чөйрөдө калктын жан башына ички дүң продукциянын көлөмүнүн төмөндөшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Каржы министрлигинен билдиришти.
Алсак, 2021-жылы көрсөткүч бекитилген 1 миң 256,3 доллардан 1 миң 156,3 долларга же 7,96%га төмөндөгөн.
2022-2023-жылдарга да калктын жан башына ИДПнын болжолу кайра каралып чыкты. 2022-жылы 1 миң 316,5 доллардан 1 миң 221,7 долларга чейин жана 2023-жылы 1 миң 330,5 доллардан 1 миң 260 долларга чейин.