Былтыр Кыргызстанда көмүскө экономиканын өндүрүш тарабынан бааланган көлөмү 155 млрд сомдон ашты же ИДӨгө карата 21%ды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Өткөн жылы ИДӨгө карата көмүскө экономиканын үлүшү 2020-жылга салыштырмалуу 0,2 пайыздык пунктка өскөн. Бул чекене сооданын, мейманканалардын жана ресторандардын жана өндүрүштүн өсүшүнүн эсебинен (тиешелүүлүгүнө жараша 0,2 пайыздык пунктка) болгон.
Муну менен катар 2017-жылга салыштырмалуу 2021-жылы көмүскө экономиканын үлүшү 2,6 пайыздык пунктка кыскарган. Анын себеби дүң жана чекене соодадагы үлүштүн азайышы (3 пайыздык пунктка) болгон.