Быйыл тогуз айда 111,7 млрд сом салык жыйналды

31.10.2022, 13:35 Акчабар
Быйыл тогуз айда 111,7 млрд сом салык жыйналды

Быйыл тогуз айда 111 миллиард 755 миллион сом салык чогултулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын өкүлү парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Бул тууралуу суроону депутат Балбак Түлөбаев берди.

Мамлекеттик салык кызматынын өкүлү аталган мезгилге салык чогултуу планы 111 миллиард 518 миллион сом деп белгиленгенин билдирди.

Ошондой эле, Каржы министринин орун басары Жибек Дүйшеева 2023-2025-жылдарга экономикалык көрсөткүчтөрдүн негизги болжолдоолоруна токтолду.

Алсак, мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешелери мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен 2023-жылы 322 млрд 766 млн сом суммасында же ИДПга карата 34,8% каралган. Келерки, 2024-2025-жылдар аралыгында мамлекеттик бюджеттин кирешеси 389 миллиард 211,5 миллион сомду жана 443 миллиард 829,8 миллион сомду түзөт.

Келе жаткан 2023-жылга мамлекеттик бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 344 миллиард 029,2 миллион сом (ИДПга карата 37,1%) деп белгиленди. Ошондой эле, 2024-2025-жылдар аралыгында мамлекеттик бюджеттин чыгашалары каржылык активдерди эсепке албаганда, тиешелүүлүгүнө жараша 375 миллиард 807,4 миллион сомду жана 420 миллиард 314 миллион сомду түзөт. Мындан тышкары, 2023-жылга бюджеттин тартыштыгы 21 млрд 263,2 млн сомду же ИДПга карата 2,3%ды түзөрү күтүлүүдө. 

Тэги: ГНС КР Жибек Дуйшеева Минфин КР налоги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу