ККМ колдонгон компаниялар дээрлик 700 млрд сом киреше табышты

03.08.2022, 16:07 Акчабар
ККМ колдонгон компаниялар дээрлик 700 млрд сом киреше табышты

Кыргызстанда ушул жылдын алты айында контролдук-кассалык машиналарды колдонгон компаниялардын соодадан түшкөн каражаты 698,1 млрд сомду түздү. Мамлекеттик салык кызматынан билдиргендей, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 351,8 млрд сомго көп. Өсүү темпи 201,6 %ды түздү.

Белгилеп, 2022-жылдын башынан бери жыйырма миңден ашуун субъекттер контролдук-кассалык машиналар менен иштөөгө өтүштү. Жалпысынан бүгүнкү күндө өлкө боюнча 52 миңден ашуун ККМ колдонулууда.

ККМ-онлайнды киргизүүнүн аркасында Салык кызматынын маалымат базасына келип түшкөн акчалай эсептешүүлөр жөнүндө маалыматтар ишкерлердин ишин, анын ичинде экономикалык ишмердүүлүгүн көчмө текшерүүлөрдү жүргүзбөстөн талдоого мүмкүндүк берүүдө.

Эске салсак, 2022-жылдын 10-майынан тартып Салык кызматы “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясын өткөрүүдө, анын негизги милдети – товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда кыргызстандыктарды кассалык чектерди талап кылууга кызыктыруу болуп саналат.

Бүгүнкү күндө лотереяга 95 миңден ашуун жаран катышууда, “Салык чек” тиркемеси аркылуу алар 6,1 млрд сомдон ашык суммадагы кассалык чектерди сканерлешти.

Лотереянын экинчи жыйынтыгы 1-октябрда өтөт.

Тэги: ККМ ГНС КР доход бизнес

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу