Бажыдагы иш-аракеттерди эми on-line режимде көрсө болот

04.12.2019, 10:20 Акчабар
Бажыдагы иш-аракеттерди эми on-line режимде көрсө болот

Мамлекеттик бажы кызматы, ондлайн-видеобайкоо тутумун жакында толук кандуу ишке киргизет. Бул тууралуу МБК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  «Автомобилдик» бажылык тариздөө жайы (мындан ары-БТЖ), «Бизнес-Транс-Сервис» БТЖда, «Кант» БТЖда, «Кыргызмебель» БТЖдаы, «Беловодское» БТЖда, «КММ» БТЖда видеобайкоо камералары орнотулган. Ошондой эле «Ак-Чий» БТЖда, «Улуттук көргөзмө борбору» БТЖда видеобайкоо камераларын орнотуу боюнча жумуштар жүргүзүлүүдө.

«Иркештам» автомобилдик өткөрмө пунктунда (мындан ары-АӨП) - 50 видеокамера,  «Кызыл-Кыя» АӨП-56 видеокамера, «Торугарт» АӨП-73 видеокамера, «Кызыл-Бел» АӨП- 50 видеокамера, «Кайрагач» АӨП - 55 видеокамера, «Жалал-Абад» темир жол өткөрмө пунктунда (мындан ары-ТЖӨП)- 51 видеокамера, «Шамалдысай» ТЖӨП- 39 видеокамера, «Кара-Суу» ТЖӨП- 66 видеокамера, «Кара-Суу»ТЖӨП - 66 видеокамера, «Кызыл-Кыя» ТЖӨП-32 видеокамера орнотулган.

Андан сырткары, төмөндөгү өткөрмө пункттарды жана бажылык тариздөө жайларды онлайн системасына кошуу боюнча жумуштар жүргүзүлүп жатат: 

- «Торугарт» алдын ала бажы жол-жоболор жайында (АБЖЖ) 4 видеобайкоо камера on-line режиминде берүү;

- «Иркештам» АБЖЖда 4 видеобайкоо камера on-line режиминде берүү;

- «Кант» АБЖЖ 2 видеобайкоо камера on-line режиминде берүү;

- «БТС» АБЖЖ 2 видеобайкоо камера on-line режиминде берүү;

- «Кыргызмебель» АБЖЖ 2 видеобайкоо камера on-line режиминде берүү.

«Видеобайкоо системасын ишке киргизүү бардык бажы процесстерин ишке ашыруунун ачыктыгына жана айкындыгына, бажы кызматынын кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугун жакшыртууга, ошондой эле коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүүгө көмөктөшөт», - деп жазылат маалыматта. 

Видеобайкоодогу маалыматтарды КР Президентинин Аппаратына жана Өкмөтүнүн Аппаратына берилет, мындан тышкары маалыматтар баардык жарандар үчүн МБКнын www.customs.kg. расмий сайтынан көрүүгө болот.

 

 

Тэги: ГТС коррупция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу