«Юг-Спецавтоматиканын» директору УКМКга пара берип кармалды

03.11.2021, 13:33 Акчабар
«Юг-Спецавтоматиканын» директору УКМКга пара берип кармалды

Жалал-Абад облусундагы Капиталдык курулуш дирекциясынын жооптуу кызматкерлери подрядчы уюм менен Сузак районунун Талаа-Булак айылындагы А.Матиев атындагы №76 орто мектептин курулушунда курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүнүн баасын жогорулатуу боюнча өз ара сүйлөшүп алышы мүмкүн болгон фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, “Юг-Спецавтоматика” ЖЧКнын аткарылган иштердин актылары менен аталган мектепти кабыл алуу документтеринде айырмачылыктар аныкталган.

Аталган кылмыш иши боюнча аудитордук текшерүү дайындалып, алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 4 миллион 912 миң 888 сом зыян келтирилгени аныкталган.

“Юг-Спецавтоматика” ЖЧКнын директору “К.Т.И.” УКМКнын кызматкерине бааларды макулдашуу маселесинде "оң жагына чечүү" үчүн 2000 АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуштап, берип жаткан жеринен кармалды. Кылмышка шектүү Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, Жалал-Абад ОИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Азыркы учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

Тэги: школа завышение стоимости работ деньги бюджет сговор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу