Ушул жылдын беш айында Кыргызстанда 5 миллиард 534,5 миллион киловатт-саат электр энергиясы өндүрүлгөн, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 миллиард 412,1 миллион киловатт-саатка аз.Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен маалым болду.
Алсак, 2021-жылдын январь-май айларында көлөм 6 миллиард 946,6 миллион сомду түзүп, электр энергиясын өндүрүү жана берүү 9,5%га кыскарган.
Бул электр энергиясынын, газдын, буу жана кондициялоонун көлөмүндө чагылдырылган. Январь-май айларында алар 20 миллиард 793,9 миллион сомду түзүп, өткөн жылдын январь-майына салыштырмалуу физикалык көлөмдүн индекси 8,3%га төмөндөгөн.