Кумтөр «Тоголок» кенин иштетүү үчүн жолдордун абалын изилдеп жатат

08.09.2023, 12:41 Акчабар
Кумтөр «Тоголок» кенин иштетүү үчүн жолдордун абалын изилдеп жатат

"Кумтөрдүн" кызматкерлеринен турган топ, анын ичинде тоо-геологдор, инженерлер, жол куруучулар жана экологдор Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жайгашкан объектилерге барышты.

Негизги милдет 1982-жылы түзүлгөн жол инфраструктурасынын абалын изилдөө, аймакка топографиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү, курулушту жана башка иштерди пландаштыруу үчүн талаа өлчөөлөрүн жүргүзүү болгон.

"Бул маалымат кийинки курулуш иштеринде пайдалуу болот. Келерки жылы "Тоголок" алтын кенин түз иштетүү жана Жангартский аймагында геологиялык чалгындоо иштерин баштоо пландаштырылууда", - деп белгилейт Кумтөр.

Кошумчалай кетсек, экспедиция мүчөлөрү жаратылыштын татаал шарттарын, ошондой эле Үч-Кошкон айылынан "Тоголок" кенине чейин өтө албай турганын белгилешкен.

Тэги: новости Кыргызстана Кумтор дорожная инфраструктура

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу