Экономика министрлиги менен муфтият адал индустрия боюнча иштешет

24.04.2024, 14:17 Акчабар
Экономика министрлиги менен муфтият адал индустрия боюнча иштешет

Бүгүн Экономика жана соода министрлигине караштуу Адал индустриясын (халал) өнүктүрүү борборунун адистери муфтий Абдулазиз Кара Закиров менен жолугушту. Бул тууралуу тиешелүү министрликтен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, жолугушууда өнөктөштүктү бекемдөө маселелери жана мындан аркы кызматташуу пландары талкууланды. 

Катышуучулар продукцияны сертификациялоо, “Адал” продукциясынын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын көзөмөлдөөнү жакшыртуунун биргелешкен механизмдерин иштеп чыгуу, инвестицияларды тартуу үчүн инфраструктураны өнүктүрүү, заманбап технологияларды киргизүү жана “Адал” продукциялары жана кызматтары боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатуу жаатында пикир жана тажрыйбаларды алмашышты.

Ошондой эле, Кыргызстандын рыногунда жана анын чегинен тышкары жерлерде “Адал” өнүмдөрүн жана кызматтарын таанытуу үчүн биргелешкен иш-чараларды, окуу программаларын жана маркетингдик кампанияларды өткөрүү идеялары айтылды. 

Тэги: Минэконом КР халал -индустрия новости Кыргызстана муфтият

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу