“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы кара отундун тоннасын паспорту менен келгендерге төрт миң сомдон сатууда. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
Мындай баа менен ишкананын соода түйүндөрүндө бир кишиге эки тоннадан көмүр сатылууда.
Белгиленгендей, саналуу күндөрдөн кийин көмүрдүн жаңы партиясы келет, бүгүн Балыкчыда вагондорду жүктөө уланууда.