Кыргызстанга COVID-19га каршы 420 миң доза вакцина келери күтүлүүдө

19.05.2021, 10:25 Акчабар
Кыргызстанга COVID-19га каршы 420 миң доза вакцина келери күтүлүүдө

Дүйнөлүк COVAX программасынын алкагында Кыргызстанга 420 миң доза вакцина жеткирилет деп күтүлүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Назира Артыкова менен жолугушуу учурунда билдирди. 

Жылдыз Бакашованын айтымында, Кыргыз Республикасы клиникалык текшерүүдөн өткөн натыйжалуу вакциналарга гана эмес, ДССУнун бул вакциналарды туура пайдалануу боюнча сунуштарына, калкты эмдөө боюнча мобилдик топторду түзүүгө, электрондук жана мобилдик саламаттыкты сактоону техникалык колдоого, улуттук жана эл аралык сапат стандарттарын жайылтуу жана адистерди даярдоо үчүн лабораториялардын потенциалын жогорулатууга муктаж.

ДССУнун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Назира Артыкова өз кезегинде Министрлер Кабинети менен мындан аркы эффективдүү кызматташууга даярдыгын белгиледи. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара аракеттенүү жана өнөктөштүк боюнча актуалдуу маселелердин топтомун, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал жана коронавирус инфекциясын чектөө чараларын талкуулашты.

Тэги: коронавирус вакцина Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу