Роспатенттин делегациясы Кыргызстанга келди

09.12.2021, 14:00 Акчабар
Роспатенттин делегациясы Кыргызстанга келди

Роспатенттин жетекчиси Григорий Ивлиев баштаган делегациясы Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди.

"Манас" эл аралык аэропортунан делегацияны Кыргызпатенттин жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин өкүлдөрү тосуп алышты.

Иш сапардын алкагында бүгүн, 9-декабрда Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Рахат Керимбаева менен Интеллектуалдык менчик боюнча федералдык кызматтын жетекчиси Григорий Ивлиевдин эки тараптуу жолугушуусу болот. 

Иш-чарада интеллектуалдык менчик жаатындагы актуалдуу маселелер талкууланат деп күтүлүүдө. Ошондой эле бир катар келишимдерге жана меморандумдарга, атап айтканда Кыргызстандын жогорку окуу жайлары менен Роспатентке караштуу Россиянын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик академиясынын ортосунда кол коюлат. 

 

Тэги: Роспатент Кыргызстан делегация

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу