Быйыл Кыргызстанда чочконун импорту көбөйдү. Мындай маалыматтар Улуттук статистикалык комитеттин сайтында берилген.
Маалыматка ылайык, алты айда Орусиядан Кыргызстанга 41 миллион 184,8 миң сомго 3 миң 598 баш чочко алынып келинип, 2022-жылга салыштырмалуу 277,33%га, же 30 млн 270,4 миң сомго көп сатылган.
Белгилеп кетсек, Кыргызстанга сырттан чочко алып келүү 2022-жылы башталган. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, өткөн жылдары республикага бул жаныбардын импорту болгон эмес.