Быйыл үч миңге жакын кыргызстандык финансылык пирамидалардан жабыркаган

19.10.2021, 13:10 Акчабар
Быйыл үч миңге жакын кыргызстандык финансылык пирамидалардан жабыркаган

Кыргызстанда 2021-жылы финансылык пирамидалардын саны көбөйдү. Учурда ички иштер органдары пирамидаларга байланыштуу эки миңден ашуун ишти иликтеп жатат, курмандыктардын саны 2 миң 947 адам. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы башкармалыгынын башчысынын орун басары Азамат Дүйшеналиев билдирди.

"Арыз менен кайрылгандардын көбү Бишкек, Ош, Ысык-Көл, Нарын, Баткен, Талас облустарынын тургундары. Азыр Ички иштер министрлиги бүткүл дүйнөдө иштеген "Антарес Трейд" инвестициялык компаниясынын ишин териштирип жатат. Андан Кыргызстанга келтирилген зыян 1 миллион доллардан ашты. Арыз менен 55 кыргызстандык кайрылды, дагы эле кайрылышууда, - деди тергөө кызматынын жетекчи орун басары.

Салыштыруу үчүн ал өткөн жылдын көрсөткүчтөрүн мисал келтирди. 2020-жылдын январынан октябрь айына чейин бул жаатта 52 миң 434 кылмыш катталса, быйыл, ошол эле мезгилде 66 миң 274 кылмыш катталган. Финансылык пирамидаларга байланыштуу кылмыштардын өсүшү 26,4%ды түздү. Адамдар барган сайын иштебей эле кандайдыр бир пайда алгысы келип инвестицияларды салып жатышат жана алданып калышууда.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу