Кыргызстанда көмүрдүн баасы бир жыл ичинде 17,9% га жогорулады

15.10.2021, 15:14 Акчабар
Кыргызстанда көмүрдүн баасы бир жыл ичинде 17,9% га жогорулады

Өткөн жылдын октябрына салыштырмалуу 2021-жылдын 14-октябрына карата көмүрдүн орточо керектөө баасы республикада орточо эсеп менен тоннасына 793,7 сомго же 17,9%га жогорулаган.

Мында чекене баанын минималдуу баасы Чаек айылында, Балыкчы жана Нарын шаарларында байкалган, тоннасы 3 миң сомдон 4,2 миң сомго чейин. Ал эми эң жогорку баа Ноокат (тоннасы 9,2 миң сом), Исфана (8,5 миң сом) жана Баткен (8,2 миң сом) шаарларында катталган.

Өткөн жылдын октябрь айына салыштырмалуу көмүрдүн баасынын эң олуттуу жогорулашы Кербен шаарында - тоннасына 3 миң 366 сомго, же эки эседен ашык, Жалал-Абадда - 1 миң 725 сомго же 36,2%га жана Баткенде - 1 миң 604 сомго, же 24,2%га белгиленген. Ошол эле учурда Талас шаарында катуу отундун баасы тоннасына 61,8 сомго, же 1%дан бир аз ашыгыраак төмөндөдү.

Тэги: уголь цены Кыргызстан ОЗП

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу