ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң аз пенсия Кыргызстанда берилет

20.12.2023, 11:11 Акчабар
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң аз пенсия Кыргызстанда берилет

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин арасынан эң аз пенсия Кыргызстанда берилет. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматы тастыктайт.

Алсак, 2022-жылдын аягында республика боюнча пенсиянын орточо өлчөмү 96 долларды түзгөн, бул 2018-жылга салыштырмалуу 14,2%га көп. Ошол эле учурда пенсиянын орточо өлчөмү жашоо минимумунун толук деңгээлин (76 доллар) камсыздайт, ал акыркы беш жылда 26,6%га өскөн.

Өз кезегинде Арменияда орточо пенсия 107 долларды түзөт, ал эми жашоо минимумунун деңгээли белгисиз. Казакстанда жашоо минимум 91 доллар, пенсия 151 доллар, Беларуста 93 жана 217 доллар. Ал эми Орусияда орточо пенсия 264 доллар болсо, жашоо минимум 170 доллар деп белгиленген. 

 

Тэги: экономика пенсии ЕАЭС новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу