Борбордук казынанын берген алдын-ала божомолуна ылайык, 2020-жылдын январь-апрель айларында өлкөнүн бюджети 38 млрд 511 млн 604 миң сомду түзөт. Бул тууралуу каржы министрлиги маалымдады.
Анын ичинен республикалык бюджеттин кирешеси - 33 млрд 173 млн 892.6 миң сомду, жергиликтүү бюджет - 6 млрд 123 млн 295.9 миң сомду түзгөн.
Ошону менен бирге эле, көрсөтүлгөн мезгил аралыгында мамлекеттик бюджеттен 49 млрд 52 млн 494.6 миң сом, республикалык бюджеттен - 44 млрд 396 млн 346.8 миң сом, жергиликтүү бюджеттен - 5 млрд 441 млн 732.3 миң сом жумшалган.
Республикалык бюджеттин дефицити 11 млрд 22 млн 454.2 миң сомго жеткен.