Кыргызстандагы дагы бир банк Face ID технологиясына кошулду

18.12.2021, 09:05 Акчабар
Кыргызстандагы дагы бир банк Face ID технологиясына кошулду

"Финка Банк" ЖАК "Түндүк" электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын системасына кошулду. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Эми банктын кардарлары финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн мамлекеттик органдардын бөлүмдөрүнө жеке кайрылуунун жана сертификаттарды алуунун кажети жок.  Банк операторлору "Түндүк" аркылуу кардардын биометрикалык маалыматтарын колдонуу менен керектүү документтерди ала алышат.

Колдонуучулар үчүн бардык электрондук кызматтар ыктыярдуу, коопсуз жана алардын макулдугу менен гана жүздүн геометриясын идентификациялоо - Face ID аркылуу ишке ашырылаары белгиленген.

Кошумчалай кетсек, учурда "Түндүк" электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу кыймылсыз мүлккө болгон укуктар боюнча көчүрмө, техникалык мүнөздөмөлөрү жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын тарыхы тууралуу маалымат, нике тууралуу маалымат, иштеген жеринен маалымкат жана башка көптөгөн документтер сыяктуу 127 мамлекеттик кызматты ала аласыз.

Бүгүнкү күндө бул кызматты "Бай-Түшүм", "Халык Банк Кыргызстан", "Азия Банкы", "Кыргызкоммерцбанк", "РСК Банк" жана "Финка Банк" сыяктуу банктардын кардарлары пайдалана алышат.

Тэги: Face ID ЗАО «ФИНКА Банк» Минцифры банковские услуги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу