Кыргызстанда инфляция басаңдады – Улуттук банк

07.09.2023, 17:39 Акчабар
Кыргызстанда инфляция басаңдады – Улуттук банк

Кыргызстанда жылдык инфляциянын төмөндөө тенденциясы байкалууда. Бул тууралуу Улуттук банктын 2023-жылдын II чейреги үчүн акча-кредит саясаты жөнүндө отчетунда айтылат.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын декабрында жылдык инфляция 14,7%ды түзсө, 2023-жылдын 25-августунда инфляция жылдык мааниде 9,6 пайызды түзгөн.

"Ошону менен бирге, керектөө бааларынын индексинин түзүмүндө азык-түлүк товарларына, башкача айтканда, нан, ун, кант, жашылча-жемиш ж.б. быйылкы жылдын башынан бери бул товарлардын баасы өткөн жылга салыштырмалуу бир аз гана жогорулаган. Учурда биз жашылча-жемиштерге, майларга жана тоң майларга баанын сезондук төмөндөшүн көрүп жатабыз, бул азык-түлүк инфляциясынын төмөндөшүнө шарт түзөт. Маселен, үстүбүздөгү жылдын башынан бери азык-түлүк товарларынын тобуна баалар 3,1%га жогоруласа, өткөн жылы баалардын өсүшү олуттуу (16%га жакын) болгон", - деп айтылат билдирүүдө.

Отчетто көрсөтүлгөндөй, азык-түлүк эмес товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы туруктуу бойдон калып, үстүбүздөгү жылы бир катар административдик баалардын (тарифтердин) өсүшү байкалган.

"Өткөн жыл геосаясий кырдаалга жана соода жолдорунун өзгөрүшүнө байланыштуу бардыгына белгилүү болгон факторлордон улам көптөгөн өлкөлөрдө баалар өскөн. Кошумчалай кетсек, өткөн жылы дүйнөлүк азык-түлүк товарларына баалар эң жогорку деңгээлде калыптанган. Жалпысынан алганда, тышкы экономикалык кырдаал белгисиз болгон, бул дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө баалардын өсүшүнө алып келген", - деп белгиленет Улуттук банктын маалыматында.

Тэги: новости Кыргызстана инфляция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу