Мамлекеттик ирригациялык тармактарды вегетация мезгилине даярдоо үчүн Суу чарба кызматынын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан каналдарды оңдоо жана тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Ведомстводон билдиришкендей, узундугу 468,6 чакырымды түзгөн чарбадан тышкаркы каналдарды механикалаштырылган тазалоо, 434 гидротехникалык курулуштарды, 184 гидрометрикалык постторду, 112 насостук станцияларды, 193 насостук агрегаттарды оңдоо, 13 насостук агрегатты алмаштыруу жана 9 сактоочу курулманы тазалоо (күнүнө 3 жолу) жана 51,1 километр коллектордук-дренаждык тармак оңдолууда.
2024-жылдын сугат мезгилине даярдык көрүү графигине ылайык, апрель жана май айларында мамлекеттик суу чарба объекттерин негизги оңдоо жана механикалаштырылган тазалоо иштери аяктады. Учурда сугат суу жарандардын суроо-талабы боюнча берилүүдө.