Кыргызстанда расмий катталган жумушсуздардын саны 2019-жылдын ноябрь айынын этегинде 81,4 миң адамды түзүп, 2018-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 16,1 пайызга өскөн (2018-жылдын январь - ноябрында 15,2 пайызга өскөн). Бул тууралуу КР Каржы министрлиги маалымдайт.
Орточо айлык эмгек акынын реалдуу өсүшү 2019-жылдын январь - октябрында 4,2 пайызды түздү, номиналдык түрдө алганда, орточо айлык эмгек акы 16 563 сомду түзгөн.
Муну менен катар жумушсуздардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 1.7 миңге азайган.