Зыяндуу өнүмдөргө салыкты көтөрүү сунушталды

16.11.2022, 13:41 Акчабар
Зыяндуу өнүмдөргө салыкты көтөрүү сунушталды

Кыргызстанда зыяндуу өнүмдөргө болгон салыкты көбөйтүү сунушталды. Бул сунушту Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун улуттук кызматкери Алина Алтымышева билдирди.

ДСУнун өкүлү бул чара жарандардын саламаттыгын сактоого жардам берет деп эсептейт. Муну ырастоо үчүн ал кыргызстандыктар көп ооруган ооруларды белгиледи. 

“Кыргызстандын жарандарынын ден соолугун сактоо үчүн алкоголдук ичимдиктерге жана тамекилерге бааны көтөрүү керек. Муну салыктарды көбөйтүү жолу менен жасоо керек”, - деди Алтымышева.

Бирок, панелдик сессиянын башка катышуучулары бул ойго кошулган жок. Алар бул демилгеге тынчсызданышып, салык өтө жогору болсо, ишкерлер көмүскөгө өтүшү ыктымалдыгын айтып, салыктын жогорулашы контрабандалык өнүмдөрдүн көлөмүн жогорулатарын белгилешти. 

 

Тэги: новости Кыргызстана экономика налоги бизнес инициатива

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу