Кыргызстанда сүт ноябрь айындагы орточо баага салыштырмалуу 10,1% кымбаттады

03.12.2021, 12:37 Акчабар
Кыргызстанда сүт ноябрь айындагы орточо баага салыштырмалуу 10,1% кымбаттады

Кыргызстанда пастеризацияланбаган сүттүн баасы туруктуу өсүүдө. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2-декабрга карата республика боюнча сүттүн орточо баасы литрине 46,58 сомду түздү.

Ошону менен бирге, 30-ноябрга карата баа 44,61 сомду түзүп, ноябрь айындагы орточо баага (42,3 сом) карата 4,41%га, 10,1%га өсүү белгиленген.

ЕЭКтин маалыматы боюнча, ушул жылдын январь-октябрь айларында ЕАЭБде сүт өндүрүүнүн өсүшү катталган. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Казакстанда – 3,2%га, Беларуста – 0,7%га, Кыргызстанда – 1,9%га өсүш белгиленген. Кыргыз Республикасында реалдуу көлөмдө 1 млн 472,3 миң тонна сүт өндүрүлгөн.

Тэги: молоко Кыргызстан потребительские цены

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу