Кыргызстанда каржы акыйкатчысы түзүлүшү мүмкүн

27.06.2022, 12:31 Акчабар
Кыргызстанда каржы акыйкатчысы түзүлүшү мүмкүн

Кыргызстанда 2025-жылдын башынан тарта каржы акыйкатчысы түзүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram каналында билдирди.

Анын айтымында, бүгүн бюджет комитетинин жыйынында Улуттук банк жана банк иши жөнүндө мыйзам долбоору каралат. Эл өкүлү бир катар сунуштарды киргизди, алардын негизгилери 2025-жылдын 1-январынан тарта финансылык медиатор институтун киргизүү.

"Бүгүнкү күндө каржылык акыйкатчы керек, анткени банктар акыркы убакта кошумча комиссияларды алуу, эсептен чыгаруу, рыноктук эмес валютаны конвертациялоо менен күнөөгө батып, насыяны төлөй албай калган карыз алуучулардын пайызы да өсүп жатат", - деп түшүндүрдү депутат.

Бекешев каржы акыйкатчысынын ишин каржылоо керектигин, ошондуктан мындай институтту түзүү 2025-жылга жылдыруу сунушталганын баса белгиледи.

Тэги: финансовый омбудсмен Кыргызстан банки КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу