Кыргызстанда 100 үй-бүлөгө 110 телевизор туура келет – Статком

30.11.2022, 09:11 Акчабар
Кыргызстанда 100 үй-бүлөгө 110 телевизор туура келет – Статком

Улуттук статистикалык комитеттин “Кыргызстандын калкынын жашоо деңгээли” маалыматына ылайык, 2021-жылы 100 үй-бүлөгө орто эсеп менен 110 телевизор, 98 муздаткыч, 86 кир жуугуч машина, 10 магнитофон жана 42 электр чаң соргуч туура келген.

Ошондой эле, орточо эсеп менен ар бир үй-бүлөдө экиден уюлдук телефон жана ар бир үчүнчүсүндө жеңил унаа болгон.

Маданий, турмуш-тиричилик жана тиричилик багытындагы бардык буюмдардын жарымы 10 жылга чейинки мөөнөттөгү буюмдар, анын ичинде компьютерлер, телерадио жабдуулары жана электр тиричилик приборлору. Эмерек жана автотранспорт сыяктуу узакка жарамдуу буюмдардын кызмат мөөнөтү 10 жылдан ашык болгон.

Мекемеден белгилешкендей, маданий, тиричилик жана турмуш-тиричилик муктаждыктары үчүн узакка пайдаланылуучу товарлар менен камсыз кылуу үй чарбасынын жыргалчылыгынын деңгээлин жана анын белгилүү мезгил ичиндеги акчалай кирешесин кыйыр чагылдырат.

Тэги: новости Кыргызстана экономика Нацстатком уровень жизни

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу