Өткөн жылы Кыргызстанда жалпы 275,6 миң тонна мунай өндүрүлгөн болсо, анын 26,4 миң тоннасы 2021-жылдын декабрь айында өндүрүлгөн.
2020-жылга салыштырганда чийки мунай өндүрүүнүн көлөмү 15,2%га өскөн.
Ошону менен бирге эле Кыргызстанда тазаланган мунайзатты өндүрүүнүн көлөмү 3 млрд 493,4 млн сомду түзүп, ушул эле мезгилге салыштырмалуу 1,7 эсеге өскөн. Ал мазутту да, дизелдик отунду да 1,7 эсеге, бензинди чыгарууну 1,6 эсеге көбөйтүү менен шартталган.