Финансы министрлиги мамлекеттик карызды тейлөөгө бир айда 2,5 млрд сом бөлгөн

05.02.2020, 09:23 Акчабар
Финансы министрлиги мамлекеттик карызды тейлөөгө бир айда 2,5 млрд сом бөлгөн

Үстүбүздөгү жылдын январь айында мамлекеттик карыздын (ички жана сырткы) тейлөөсүнө бюджеттен 2 млрд 564 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу КР Каржы министрлиги билдирди.

Каражаттын басымдуу бөлүгү – 72 пайызы же  1 млрд 842 млн 608,1 миң сому ички карызды жабууга жумшалган. Ал эми сырткы карызды тейлөөгө 721 млн 423 миң сом бөлүнгөн.

2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан мамлекеттик карызды тейлөөгө бюджеттен жалпысынан 2,3 млрд сом же 33,5 млн доллар бөлгөн.

 

Тэги: бюджет обслуживание госдолга госфинансы экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу