Жыл башынан бери Социалдык фонд тарабынан пенсия төлөөгө Бишкек шаары боюнча 7 миллиард 564,5 миллион сом, ушул эле мезгилде Ош шаарына 1 миллиард 696 миллион сом бөлүнгөн.
Республикада пенсияны каржылоонун жалпы көлөмү 36 миллиард 441,6 миллион сомду түздү.
Өткөн жылга салыштырмалуу ушул эле мезгилде борборго 5 миллиард 885,5 миллион сом, Ош шаарына 1 миллиард 304 миллион сом жөнөтүлгөн.
Каражаттын көбү Ош облусунун, андан кийин Жалал-Абад облусунун тургундарына пенсия төлөөгө кеткен.