Кыргызстанда сыраны маркалоо башталды

20.01.2023, 10:40 Акчабар
Кыргызстанда сыраны маркалоо башталды

Кыргызстанда 2023-жылдын 1-январынан тарта сыра азыктарына акциздик марка киргизилди. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

ТН VED 2203 товардык позициясында классификацияланган таңгакталган жана дүңүнөн сыра өндүрүүдө жана импорттоодо акциздик алым маркасы менен милдеттүү маркировка киргизилди.

"2023-жылдын 1-июлунан тарта маркасы жок калган сыра азыктарын жүгүртүүгө тыюу салынат. Продукцияга акциздик марка алардын келип чыгышынын мыйзамдуулугун тастыктоо болуп саналат жана калкты контрафакттык товарларды керектөөдөн коргоого багытталган", - деп белгиледи Мамлекеттик салык кызматы.

Белгилепкетсек, быйылкы жылдын башынан бери сырадан 30,8 миллион сом акциздик салык түшүп, январь айынын планы 7 миллион сомго ашыкча аткарылган. 2022-жылдын январь айына салыштырмалуу 12,6 миллион сомго көп чогултулган.

Тэги: новости Кыргызстана ГНС пивная продукция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу