Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого добуш берүү башталды

28.11.2021, 08:00 Акчабар
Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого добуш берүү башталды

Бүгүн, 28-ноябрда саат 8:00дө өлкөнүн шайлоо участкалары Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого добуш берүүнү каалаган жарандар үчүн эшигин ачты. Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө жарандардын шайлоо укугун ишке ашыруу үчүн 2494 АШК ачылат.

Бул шайлоодо 3,7 миллионго жакын жаран добуш берүүгө укуктуу. Добуш берүүгө 736 эл аралык байкоочу көз салууда.

Эске салсак, Кыргызстанда шайлоо аралаш система менен өтүүдө. Ошентип, Жогорку Кеңештин депутаттыгына 21 саясий партиядан 1 миң 15 талапкер жана бир мандаттуу округдар боюнча 296 талапкер ат салышууда.

Тэги: выборы Кыргызстан Депутаты ЖК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу