Кыргызстанда канттын баасы көтөрүлбөйт

27.10.2022, 15:21 Акчабар
Кыргызстанда канттын баасы көтөрүлбөйт

Экономика министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги кант заводдорунун жана соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү.Бул тууралуу аталган мекеменин сайтына жарыяланды.

Келерки дүйшөмбү, тагыраагы 31-октябрдан тарта Министрлер кабинетинин кум шекерге салган кошумча нарк салыгынын нөлдүк ставкалары боюнча токтому күчүн жоготот.

Буга байланыштуу баа маселелери талкууланып, кант сатуу базарында кызматташуу боюнча жаңы келишим түзүү талкууланды.

Жыйындын аягында кумшекердин баасын көтөрбөө, жеңилдетилген бааны эске алуу менен мурдагы деӊгээлде калтыруу, рыноктун шарттары өзгөргөн учурда бааны төмөндөтүү чечими кабыл алынды.

Мында заводдорго жана соода түйүндөрүнө өз ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргызстандын монополияга каршы мыйзамдарынын нормаларын так сактоо сунушталат.

 

Тэги: сахар белый сахар цена на сахар новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу