Кыргызстанда жыл ичинде накталай акчанын көлөмү 37,9 млрд сомго көбөйдү

19.09.2022, 10:14 Акчабар
Кыргызстанда жыл ичинде накталай акчанын көлөмү 37,9 млрд сомго көбөйдү

Кыргызстанда август айынын аягында 180 миллиард 125 миллион 537 миң сомдук банкнот жана монеталар жүгүртүүдө болду. Бул тууралуу Улуттук банктын каржылык отчетунда айтылат.

Бир жыл мурун 142 миллиард 145 миллион 394 миң сом жүгүртүүдө болгон. Алсак, жыл ичинде жүгүртүүдөгү накталай акча 37 миллиард 980,1 миллион сомго көбөйдү.

Кошумчалай кетсек, августтун аягында Улуттук банктагы эсептерде – коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин каражаттарында 46 миллиард 136 миллион сом топтолгон. Жыл ичинде бул көрсөткүч 1,5 эсеге өскөн. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы өкмөттүн акчасы 24,4 миллиард сомду (+5,4 миллиард сом) түздү.

Тэги: наличка новости Кыргызстана деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу