Былтыр, 2022-жылдын ноябрь айынын аягында жүгүртүүдө 194 миллиард 491,5 миллион сомдук монеталар жана банкноттор болгон. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Эске салсак, 2021-жылдын ноябрь айында жүгүртүүдөгү накталай акчанын көлөмү 138 миллиард 149,6 миллион сомго бааланган. Бир жыл ичинде ал 40,8% өскөн.
Кошумчалай кетсек, 2021-жылы Улуттук банк жүгүртүүгө чыгарылган банкнотторду жана монеталарды чыгарууга 434,8 миллион сом короткон.