Жыл ичинде өлкөдө жүгүртүүдөгү нак акчанын көлөмү 33,8%га өстү

18.11.2022, 09:18 Акчабар
Жыл ичинде өлкөдө жүгүртүүдөгү нак акчанын көлөмү 33,8%га өстү

Быйыл октябрдын аягында 192 миллиард 962 миллион 995 миң сомдук банкнот жана монеталар жүгүртүүдө болгон. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Баяндамаларга ылайык, өткөн жылы өлкөдө 144 миллиард 197 миллион 553 миң сом нак акча жүгүртүлгөн. Башкача айтканда, бир жыл ичинде накталай акчанын көлөмү 33,8%га өсүп, ал эми бир айда 9 млрд 225,9 млн сомго, же 5,02%га көтөрүлгөн.  

Мындан тышкары, банктардын жана Улуттук банктын башка финансы мекемелеринин каражаттары 16 миллиард сомдон 48,3 миллиард сомго чейин жогорулаган. Ал эми Министрлер кабинетинин каражаты 4,1 миллиард сомдон 22,4 миллиард сомго жеткен.

 

Тэги: новости Кыргызстана наличка деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу