Кыргызстанда республикалык бюджеттин чыгашасы ИДПга карата 26,3%ды түздү. Бул Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердеги экинчи чоң көрсөткүч.
ИДПга карата бюджеттик чыгашалар боюнча Армения биринчи орунда турат – 28,3%. Ошол эле учурда чыгымдардын эң төмөнкү көрсөткүчү Беларуста, 2021-жылдын тогуз айында ал болгону 16,5%ды түзгөн.
Белгилей кетсек, ЕАЭБдин бардык мамлекеттеринде үстүбүздөгү жылдын тогуз айында чыгашалар 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өскөн. Чыгымдардын эң чоң өсүшү Беларуста, дароо 8,4%га, эң азы Казакстанда - 2,8%га белгиленди.