28-декабрда Кыргызстанда кышкы туризм мезгилинин официалдуу ачылышы болот. Бул тууралуу КР Өкмөтү билдирет.
Официалдуу ачылыш Чүй облусунун «Ак-Туз» тоо лыжа базасында болот.
«Иш-чаранын алкагында келген конокторго баалуу белектер ойнотулуп, концерттик программа уюштурулат. Лыжа жана сноуборд тебүү боюнча дагы инструктаж өткөрүлөт», — деп жазылат маалыматта.