Италияда КР Элчилиги ачылат

16.12.2019, 09:05 Акчабар
Италияда КР Элчилиги ачылат

2019-жылдын 13-декабрында Рим шаарында Италиянын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык Министри Луиджи Ди Майонун чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Италия Республикасына жумушчу сапары болду. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет. 

 

«Италиянын Тышкы иштер министрлигинде болгон эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогдун активдешүүсүн жана өз ара кызыкчылыктын бардык багыттары боюнча эки тараптуу кызматташууну күчтөндүрүүгө эки жактын даярдыгын канааттануу менен белгилешти. Министрлер өздөрүнүн 2019-жылдын сентябрында Нью-Йорк шаарында БУУ БАнын 74-сессиясынын аянтчасындагы эки тараптуу жолугушуусунун, ошондой эле ушул жылдын ноябрында Бишкекте өткөн эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун ортосундагы биринчи саясий консультациялардын жыйынтыктары боюнча макулдашуулардын ишке ашырылуусу жөнүндө маалымат алмашты», —  деп жазылат маалыматта. 

Жолугушууда  Италиядагы КР Элчилигин ачуу жөнүндөгү кыргыз тарабынын чечими италиялыктар тарабынан колдоого ээ болгон.  

2020-жылы КР менен Италиянын ишкер чөйрөлөрүнүн катышуусунда биргелешкен бизнес-форум өткөрүлөөрү белгиленди.

Андан сырткары, КР жарандарына Италияга виза алууну жеңилдетүү маселелери, ошондой эле Италияда жашаган КР жарандарынын абалы тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. 

 

 

Тэги: Италия Кыргызстан экономика виза посольство

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу