Айыл чарба өнүмдөрүнүн көлөмүнүн индекси өстү

13.12.2022, 13:11 Акчабар
Айыл чарба өнүмдөрүнүн көлөмүнүн индекси өстү

Кыргызстанда 2022-жылдын январь-сентябрь айларында айыл, токой жана балык чарбасынын дүң продукциясы 264 миллиард 229,6 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылат.

Мекеме айыл чарба өнүмдөрүнүн көлөмүнүн индекси 6,5%га өскөнүн белгилейт. Айыл чарба өнүмдөрүнүн жалпы көлөмүндө мал чарбасы 44,9%, өсүмдүк өстүрүү 52,9%, токой чарбасы 0,1%, балык чарбасы 0,1% жана кызмат көрсөтүү 2% түздү.

“Дыйкан чарбаларынын жана жарандардын жеке көмөкчү чарбаларынын үлүшү өндүрүштүн жалпы көлөмүндө 95,7%ды түздү. Январь-сентябрь айларында айыл чарбасынын дүң продукциясынын өсүшү өсүмдүк өстүрүүнүн өсүшү менен шартталган”,- деп айтылат документте.

Айыл, токой жана балык чарбасынын дүң продукциясынын жалпы көлөмүндө эң чоң үлүштү (24%) Чүй облусу ээлейт.

 

Тэги: новости Кыргызстана экономика сельскохозяйственная продукция Нацстатком

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу