Кыргызстандагы авиакомпаниялардын жүргүнчүлөр жүгүртүүсү 3,2 эсеге өстү

31.10.2022, 11:59 Акчабар
Кыргызстандагы авиакомпаниялардын жүргүнчүлөр жүгүртүүсү 3,2 эсеге өстү

Кыргызстанда ушул жылдын январь-август айларында аба транспорту боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу 1 миллиард 294,1 миллион жүргүнчү-километрди түздү. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиядан билдиришти.

Көрсөткүч 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,2 эсеге өскөн. Мындан тышкары, бул көрсөткүч 2021-жылдагы жүргүнчү жүгүртүүдөн 19,2% жогору.

Муну менен быйылкы жылы республиканын жүргүнчүлөрдү ташуусу пандемияга чейинки деңгээлине - 1 миллиард 700 миллиондон ашык жүргүнчү-километрге кайтып келүү ыктымалдуулугу жогору.

Транспорттун бардык түрлөрү боюнча жүргүнчүлөрдү жүгүртүү боюнча Кыргызстан ЕАЭБде  дээрлик акыркы орунда экенин кошумчалай кетели. Автобустар өлкөдөгү транспорттун эң популярдуу түрү.

Тэги: новости Кыргызстана авиаперевозки пассажиры бизнес

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу