Кыргызстанда пенсиянын өлчөмү доллар менен 2016-жылдагы деңгээлге түштү

21.12.2021, 13:58 Акчабар
Кыргызстанда пенсиянын өлчөмү доллар менен 2016-жылдагы деңгээлге түштү

Евразия экономикалык биримдиги боюнча 2020-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандагы пенсиянын өлчөмү эң төмөнкү көрсөткүчкө ээ болгон. Мындай маалыматты Евразиялык экономикалык комиссиясынан билдиришти.

Пенсиянын көрсөткүчү мисалы, өлкөгө абалы жагынан окшош Арменияга салыштыргандан да төмөндөп кеткен. Эгерде 2020-жылы ЕАЭБдеги өнөктөш мамлекеттерде пенсиянын орточо көрсөткүчү америкалык валюта менен эсептегенде 90 долларды түзсө, Кыргызстанда болгону 79 долларды көрсөткөн.

Ошол эле учурда 2016-жылы пенсиянын орточо өлчөмү 75 доллар деп бааланган. Башкача айтканда, пенсионерлер төрт жылдан бери иш жүзүндө ошол эле деңгээлде калышты. Бирок пенсия сом менен 16,56%га өскөн. 

Ошентсе да Арменияны кошпогондо, ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө 2020-жылы пенсиянын көлөмү артка кеткен. Бирок алардын ичинен Кыргызстан гана 2016-жылдагы деңгээлге түшүп кеткен.

 

Тэги: пенсии ЕАЭС Кыргызстан экономика бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу