Кыргызстанда 100 өнөр жай ишканасын ишке киргизүү пландалууда

17.02.2023, 11:31 Акчабар
Кыргызстанда 100 өнөр жай ишканасын ишке киргизүү пландалууда

Министрлер кабинетинин тапшырмасына ылайык, Экономика министрлигине Кыргызстанда мамлекеттик колдоонун негизинде 100 өнөр жай ишканасын ишке киргизүү милдети жүктөлдү. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Данияр Амангелдиев билдирди.

Ал белгилегендей, тапшырманы ишке ашыруунун биринчи этабында 2 миң 58 долбоордун ичинен Кыргыз Республикасынын өнөр жай ишканаларынын тизмеси түзүлгөн.

Учурда бул өнөр жай ишканаларынын интерактивдүү картасы түзүлүп, аларды ишке киргизүүнүн алкагында төмөнкү чечим кабыл алынды:

  • келечектүү стратегиялык жана экономикалык долбоорлордун улуттук программасын бекитүү;
  • бүткүл өлкө боюнча потенциалдуу өнөр жай долбоорлорун жарыялоо;
  • ишке ашырылып жаткан ар бир долбоор үчүн бирден куратордук механизмди киргизүү жөнүндө президенттин тиешелүү жарлыгын иштеп чыгып, жакын арада кол коюу.

Тэги: экономика промышленность автопромышленность новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу