2020-жылы экспорт товарлардын көлөмү 1 млрд 842.7 млн долларды түзүп, 6.2% (номалдуу көрсөткүч боюнча) төмөндөйт. Бул маалыматты республиканын финансы министрлиги маалымдады.
Белгиленгендей, товарлардын импорту 11.4% төмөндөп, 4 млрд 343 млн долларды түзөт.
Бул мунай продуктуларынын, белгилүү бир тармактар үчүн атайын иштелип чыккан машиналардын, электр машиналарынын, жабдуулардын жана аппараттардын, жер транспортунун, кара металлдардын жана алардан жасалган буюмдардын жана башка товарлардын импортунун азайышына байланыштуу.