Быйыл Кыргызстанда помидор кымбаттады

23.09.2022, 10:59 Акчабар
Быйыл Кыргызстанда помидор кымбаттады

Кыргызстанда былтыркыга салыштырмалуу эң көп керектелген жашылчалардын арасында баарынан помидор (40,31%га, же 13,1 сомго) кымбаттады. Ал үчүн республика боюнча орточо баа 21-сентябрга карата 45,6 сомду түзөт. Мындай маалыматтар Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын сайтында берилди.

Бадыраң 33,06%га, же 12,2 сомго, пияз 16,23%га, же 3,7 сомго кымбаттады. Быйыл алар 49,1 сом жана 26,5 сом болду.

Монополияга каршы кызматтын маалыматы боюнча быйыл капуста, сабиз, картошка, сарымсак арзандады.

Капуста 29,62%га, же 10,4 сомго арзандады. Быйыл 24 сом турат. Сабиз 20,22%га же 7,5 сомго арзандады. Анын азыркы баасы 29,6 сомду түзөт. 2022-жылдын 21-сентябрына карата сарымсак 158,7 сомго бааланып, 11,83%га же 21,3 сомго арзандады. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу картошка 9,74%га, же 2,6 сомго арзандап, республика боюнча орто эсеп менен 24,1 сомдон сатылууда.

Тэги: новости Кыргызстана стоимость продуктов овощи

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу