IBIF 2023 Ислам инвестициялык форумунда Улуттук инвестициялык агенттиктин өкүлү Жалын Жээналиев Кыргыз Республикасында өлкөдөгү экспортту көзөмөлдөй турган мамлекеттик структура түзүү пландалып жатканын билдирди.
Анын айтымында, жаңы мамлекеттик түзүм ата мекендик экспортчуларга көмөктөшөт, анын ичинде товарларды ташууга демөөрчү болот деп күтүлүүдө.
Ал республиканын мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырып, учурда Кыргызстанда жыл сайын 80 миң жумушчу орун түзүлүп, 150 миң жумушчу орунга муктаж экендигин белгиледи.
"Кыргыз Республикасында беш эркин экономикалык аймак бар. Алар экспорттук компаниялар үчүн жагымдуу. Кошумчалай кетсек, Кыргызстан ЕАЭБ өлкөсү болуп саналат, бул инвесторлордун келечегин жогорулатат. Биз ошондой эле ВСП+ мүчөсүбүз", - деди ал.