Экономика жана соода министрлиги дарыларды экспорттоого тыюу салууну алты айга узартууну сунуштоодо. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Дары-дармектерди экспорттоого тыюу салуу зарылдыгын министрлик өлкөдө адистештирилген ишканалардын жоктугу жана дарыларга болгон тартыштык менен байланыштырууда.
Эске салсак, 2022-жылдын башында дарыларды жана медициналык буюмдарды экспорттоого тыюу салынган. Ал 2022-жылдын 9-августуна чейин күчүндө болгон.