Пенсиянын базалык бөлүгүн толугу менен чегерүү сунушталууда

15.12.2022, 09:26 Акчабар
Пенсиянын базалык бөлүгүн толугу менен чегерүү сунушталууда

Социалдык фонд пенсиянын базалык бөлүгүн толук өлчөмдө чегерүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева билдирди.

Анын айтымында, учурда пенсиянын базалык бөлүгү эмгек стажына жараша эсептелет. Эң аз тажрыйбасы бар адамдар 700 сомдон пенсия алууда. 

Пенсиянын базалык бөлүгү толук эсептелгенден кийин эң биринчи пенсиянын минималдуу өлчөмү көбөйөт. Бул пенсия алгандардын  айлык керектөөсү менен салыштырууга жана теңештирүүгө мүмкүндүк берет.

“Ага ылайык, 1500 сом өлчөмүндө пенсия алгандар орто эсеп менен 3878 сомдон ала башташат. Бүгүнкү күндө 2000ден 3000ге чейин пенсия алган 26 миң пенсионер орточо эсеп менен 4085 сом алышат”, - деп түшүндүрдү Социалдык фонддун төрагасынын орун басары.

 

Тэги: новости Кыргызстана Социальный фонд базовая часть пенсии

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу